Салык боюнча консультация берчү операторлор иштей баштады. Телефондор

Салык төлөй тургандар көрсөтүлгөн номерлерге чалып салык боюнча отчетторду түзүүдө кеңеш ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматында электрондук салык боюнча консультация берип, техникалык колдоо көрсөткөн кызмат иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, "Салык сервис" мекемесинин адистери (0312) 51-01-47, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16, (0508) 99-66-69 (Telegram, Whatsapp) номерлери аркылуу техникалык колдоо көрсөтүшөт.
Мындан тышкары, атайын Telegram-чат ачылганы айтылды.
"Салык төлөй тургандар көрсөтүлгөн номерлерге чалып же жазып, салык боюнча отчетторду түзүүдө жана тапшырууда же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча кеңеш сурап жардам ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматынын өкүлдөрү маалыматтык системаларды автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл ала турганы кошумчаланды.
Маалыматтык системага катталгыла! Салык кызматы мунай саткандарга кайрылды