Радио

Назаралиев: корпоративдик облигация сатуу үчүн ишкерлер көмүскөдөн чыгат

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду корпорациялык облигацияларды сатып алууга шарт түзгөнүн белгиледи.
Sputnik
РКӨФ облигация сатып алуу менен баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө салым кошууда. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми фонд компаниянын облигациясын бир миллион долларга чейин сатып ала алат.
"Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз фондулук биржасынан портфелдик инвестор катары 15 пайызга чейин корпоративдик облигацияларды сатып алууга мүмкүндүк түздү. Бул жергиликтүү ишкерлердин корпоративдик баалуу кагаздарын сатууну тездеткен инструмент катары саналат. Башка өнүктүрүү фондулар дагы бул жөрөлгөнү улантса баалуу кагаздар рыногунун өнүгүүсүнө салым кошот. Андан тышкары, ишкерликти андан дагы өнүктүрүүгө шарт түзөт. Себеби аталган фонд талдоо жүргүзүп, ишенимдүү компаниялардын корпоративдик облигацияларын 15 пайызга чейин сатып алат. Бул, биринчиден, ошол каражатты кайрадан өндүрүшкө же ишкерлике салып, аны кеңейтүүгө жумшалат. Демек, ишкананын мүмкүндүгү жогорулайт. Экинчиден, компания өз облигацияларын биржага жайгаштырыш үчүн ачык-айкын иштөөгө умтулат. Натыйжада анын баалуу кагаздарына башка инвесторлордо дагы кызыгуу пайда болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн фондулук рынокторунда ушундай институционалдык инвесторлордун үлүшү 60 пайызга чейин жетет. Кыргызстанда, тилекке каршы, ири портфелдик инвесторлор саналуу. Ошондуктан бул — ишкерликти колдоо багытында алгылыктуу кадам", — деди Назаралиев.
Ошондой эле ал РКӨФтүн бул кадамы компаниялардын айкын иштөөсүнө стимул болуу менен көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга түрткү болорун кошумчалады.