Сүйүктүү команда, бүйүр кызыткан атмосфера, укмуштуудай эмоциялар... Мунун баары, албетте, жакшы. Бирок кандай гана спорттун түрү болбосун күйөрмандардын маданияты дагы өтө маанилүү.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан спорт күйөрмандарынын этикетин карап чыгууну туура көрдү. Жазылбаган эрежелер тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берген.
Стадиондун талаптарын сакта
Ар бир футбол талаасынын талаптары болот. Мисалы, сырттан суусундук, тамак-аш, кооптуу буюм-тайымдарды алып кирүүгө тыюу салынат. Ушул сыяктуу эрежелер тыкыр сакталышы керек, анткени ал бузулса өзүңүзгө эле жаман. Уюштуруучулар менен кер-мур айтышкандан көрө сүйүктүү командаңыздын оюнунан ырахат алган жакшы эмеспи.
Айланадагыларга тоскоол болбо
Албетте, күйөрмандык кылган команда ат салышып жатканда эмоцияны басып коюу оңой эмес. Бирок аша чаап эле кыйкырып-өкүрүп, жаныңдагылардын кулагын тундурган дагы туура болбой калат. Ошондой эле баннер көтөрүп күйөрмандык кылууда дагы алды-артты карап оокат кылыңыз. Өтө чоң баннер көтөрүп алсаңыз, арттагыларга оюнду көрсөтпөй тоскоол болушуңуз мүмкүн.
Ичип алып барбаңыз
Спорттук иш-чарага мас болуп алып барууга болбойт. Себебин өзүңүз жакшы билсеңиз керек. Алагүү болуп алып, атаандаштардын күйөрмандарына ызырынып турганыңызды элестетип көрсөңүз. Негизи эле эмоциясы чыңалып турган элдин арасында акыл-эстин тунук болгону жакшы.
Футбол талаасына чыга калбаңыз
"Атың чыкпаса жер өрттө" деген макал бул жагдайга такыр эле туура келбейт. Ишенип коюңуз, бир нече мүнөттүк "атактуулуктун" артында кыжырланган милиция менен сүйлөшүү жана айып пул жатат. Ал эле эмес, бул нерсе сүйүктүү командаңызга көлөкөсүн түшүрүп, эл аралык уюмдар бүтүндөй федерацияга айып салып коюшу ыктымал.
Атаандашты сыйлоо
Албетте, ар бир күйөрман атаандашты моралдык жактан басмырлап, өз командасына дем-күч бергиси келет. Бирок ар бир өзүн сыйлаган күйөрман атаандаш командага дагы сый мамиле кылышы зарыл. Мисалы, башка өлкөнүн курама командасы болгон учурда алардын мамлекеттик гимнин тынч туруп угуп, спортчулар оюн талаасына чыккан маалда кол чаап койсо ашыкча болбойт. Ошондой эле алардын дарегине одоно сөздөрдү айтуу дагы туура эмес.
Баса, атаандаштын оюнчусу оюн эрежесин бузганда күйөрмандар нааразычылыгын билдирип, уу-дуу болот эмеспи. Дал ушундай чууну башка команданын оюнчусу жыгылып калганда, дарыгерден жардам алып жатканда токтотуп турган оң. Мелдеш мелдеши менен, бирок адамгерчилик биринчи орунда болушу керек.
Артыңдан тазалай кет
Оюн учурунда ичкен суусундуктун бөтөлкөсүн, отургучка төшөгөн кагазды сөзсүз ала кеткиле. Таштандыны чогулта кетүү бир гана адамдын эмес, бүтүндөй улуттун маданиятынан кабар берет.