Ошто бала бакчанын терезесине асылып калган бөбөктү көчөдөгү киши тосуп алды. Видео

Милиция текшерүү иштерин жүргүзгөн учурда бөбөк ошол күнү бала бакчага биринчи жолу келгени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кечээ, 13-июнь күнү, Ноокат шаарындагы бала бакчанын терезесинен төрт жашар наристе түшүп кетип, аны жергиликтүү тургун тосуп алган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 12:30дар чамасында Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан "Саламат" балдар бакчасында болгон.
Аталган факт боюнча Ноокат райондук милициясы кабардар болуп, маалыматты электрондук журналга каттаган. Текшерүү иштерин жүргүзгөн учурда бөбөк ошол күнү бала бакчага биринчи жолу келгени белгилүү болду.
"Арбын айылынын 25 жаштагы тургуну саат 11:10дор чамасында өзүнүн төрт жашар баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келип, директорго тапшырып кеткен. Бала 11:40тар чамасында имараттын экинчи кабатынын терезесине чыгып, ага асылып калган. Ошол учурда аны 67 жаштагы тургун көрүп калып, тосуп алган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок наристенин ата-энеси андан өтүүдөн баш тартты. Ошондой эле окуя боюнча "Саламат" балдар бакчасынын кызматкерлерине доосу жок экендигин билдиришкен.
Милициядан билдиришкендей, Ноокат шаардык мэриясына караштуу "Саламат" балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет.
Аталган иштин алкагында "Саламат" балдар бакчасын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аквапарктагы окуучунун өлүмү: мектеп директору Айгүл Шимова иштен алынды