Милиция Ак-Ордо-3 конушундагы үйдүн түрттүрүлүшү боюнча маалымат берди

Милиция турак жай соттун чечиминин негизинде түрттүрүлүп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Ордо-3 конушундагы турак жайды түрттүрүүдө жаралган жагдай боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн, 14-июнда, саат 11:00дө аталган конуштун 520-контурунда мыйзамсыз курулган үйдү түрттүрүү иштери жасалган.
"Соттун чечиминин негизинде Сот-аткаруу департаментинин кызматкерлери барган. Өз кезегинде коомдук тартипти кароо максатында Сокулук РИИБдин кызматкерлери тартылган. Үйгө барган учурда кээ бир адамдар нааразычылыгын билдирип, сот аткаруучулардын ишине тоскоолдук жараткан. Андан соң милиционерлер коомдук тартипти сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Саат 14:30дар чамасында чогулгандар тарап кетишти", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин күбөлөр жер тилкесин талашкан эки адамдын бири бүгүн экскаватор менен келип, экинчисинин үйүн түрттүрө баштаганын кабарлаган. Турак жайы бузулуп жаткан киши жерди ишеним каттын негизинде сатып алганын айтып, каршылык көрсөткөн.
Пресс-борбор
Кыргызстанда канча үй-бүлө жер тилкесин мыйзамдаштырууну күтүп жатат?