Кыргызстан менен Тажикстандын футбол беттеши: букмекерлердин божомолу кандай

Бүгүн Кыргызстандын командасы тажикстандыктарды жеңсе дагы, тең чыкса дагы Азия кубогуна жолдомо алат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тажикстандык футболчулар менен беттешүүдө фаворит болуп саналууда. Бул тууралуу букмекердик конторалардын божомолунан билүүгө болот.
Эске салсак, Азия кубогуна тандоо этабы Бишкекте өтүп жатат. F тайпасында төрт команда бар. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Сингапур жана Мьянма. Алты топтун бардык жеңүүчүлөрү жана өз тайпасында экинчи орунду алган алты команданын бешөө континенталдык чемпионатка барат.
Биздин тайпада Кыргызстан менен Тажикстандын командалары экиден жеңишке жетип, алдыда келе жатышат. Бирок тажикстандыктардын голдор боюнча абалы жакшыраак. Жеңишке жеткенде кыргызстандыктар автоматтык түрдө биринчи орунга чыгып, кийинки этапка жолдомо алат. Ал эми жеңилип калса өз тайпаларында экинчи орун алган башка командалардын көрсөткүчтөрүнөн көз каранды болот.
Финалдык тур бүгүн, 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
"Марафонбет" букмекердик кеңсеси төмөнкүдөй божомол берүүдө (коэффициент канчалык азыраак болсо, жеңүүгө мүмкүнчүлүк ошончолук жогору деп эсептелет):
"Ак шумкарлар" — 2.05;
Тажикстан командасы — 3,78;
тең чыгуу — 3,15.
Fonbet букмекерлери дагы кыргыз курама командасынын жеңишине ишенүүдө:
Кыргызстан командасынын жеңиши – 1,97;
Тажикстан командасынын жеңиши – 5;
тең чыгуу — 2.7.
Ачууга алдырбай, атаандашты сыйлаш керек! Футбол күйөрманынын этикети