Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттеши башталды

Эгер улуттук команда атаандаштарын ута турган болсо өз тайпасынын жеңүүчүсү аталат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командаларынын беттеши башталды.
Азия кубогуна тандоо этабынын финалдык туру бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Кыргыз футбол союзу күйөрмандарды ачууга алдырбай ата мекендик оюнчуларды жакшылап колдоп, атаандаштарын сыйлоого чакырат. Алдын ала маалыматтар боюнча, оюнга 12 миңден ашуун адам келип күйөрмандык кылууда.
Беттеш "КТРК Спорт", Kyrgyz Sport TV телеканалдарында жана алардын соцтармактагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары, "Акнет", "Мегалайн", "Неотелеком" кабелдик түйүндөрүнөн көрсө болот.
Өкмөт үйүнүн алдында LED-экран менен фан-зона уюштурулган.
Буга чейин Кыргызстан курама командасы Сингапур жана Мьянманы жеңип, натыйжада Азия кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо алган. Эгер Тажикстанды ута турган болсо өз тайпасынын жеңүүчүсү аталат.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол беттеши: букмекерлердин божомолу кандай