Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командалары тең чыкты

Эки команда тең Азия кубогуна жолдомо алды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командалары тең чыкты.
Азия кубогуна тандоо этабынын финалдык туру бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Бирок “Ак шумкарлар” топко көбүрөөк ээлик кылып жатты.
Тажикстандын дарбазасынын алдында эреже бузуп кыргызстандык Эрбол Атабаевди түртүп жыгылтканы үчүн айып тобу дайындалды. Аны Мирлан Мурзаев тээп, тилекке каршы, киргизе алган жок. Ошону менен биринчи тайм жыйынтыкталды.
Ал эми экинчи бөлүктө эки дарбазага тең топ кирбей, кыл чайнашкан беттеш жүрдү.
Негизги убакыт аяктаган соң кошумча дагы 5 мүнөт берилди.
Белгилей кетсек, эки команда тең бул оюндун жыйынтыгы кандай болгонуна карабай Азия кубогуна жолдомо алган. Деген менен эки өлкө үчүн тең намыс талашчу беттеш эле.
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши кандай өтүүдө. Онлайн-репортаж