Кыргызстандын футбол командасы Азия кубогуна жолдомо алды

Кыргызстандын командасы Азия кубогуна кандайча өткөнүн түшүндүрүп берели.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен боло турчу оюнга карабастан Азия кубогуна чыгат.
Монголияда Палестина менен Филиппин командаларынын оюну соңуна чыкты. Палестиналык футболчулар каршылаштарын 4:0 эсеби менен жеңип, биринчи орунду алуу менен жолдомого ээ болду.
Кыргызстандын командасы Азия кубогуна кандайча өткөнүн түшүндүрүп берели.
Азия биринчилиги үчүн жолдомо өз тобунда лидер болгондорго берилет. Жалпы алты команда бар. Мындан тышкары, өз тобунда экинчи орунду алган беш командага дагы жолдомо берилет. Эң начар делген алтынчы команда четтетилет.
B тобунда экинчи сапта келе жаткан филиппиндердин 4 упайы бар. Булардын жыйынтыгы Кыргызстандыкынан төмөн.
Башка топтордо үчтөн упайы жана запастагы бир оюну бар командалар турат. Бирок бул нерсе Кыргызстандын командасынын Азия кубогуна чыгышына эч кандай таасир этпейт.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командаларынын оюну бүгүн саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.
Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттешине канча билет сатылды