Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: тараптар аскерлерди артка тартууга макулдашты

Саат 13:00гө карата чек арада кырдаал чыңалган бойдон турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы эртең менен болгон атышуудан кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Аталган ведомствонун билдиргенине караганда, кыргызстандык чек арачылардын арасында жаракат алгандар жок.
Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ага эки өлкөнүн чек аралаш аймактарынын күч түзүмдөрү дагы катышып жатат.
"Сүйлөшүүнүн биринчи жыйынтыгы аскерлерди ээлеп турган позициясынан артка тартуу болду", — деп айтылат маалыматта.
Саат 13:00гө карата Тажикстан менен болгон чек арада кырдаал чыңалган бойдон турат.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 06:50-07:00 чамасында Баткенде Тажикстандын "Кех" чек ара заставасы Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй аткылаган. Буга жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарган. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкен. Анткен менен саат 07:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок чыгарып, саат 8:10до токтогон.
Чек арада жарадар болгон жоокерлердин абалы айтылды