Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Кант" машина куруучу заводу украиналык күчтөрдүн аткылоосуна кабылды. Видео

Донецкидеги "Кант" ишканасы аткылоодон улам бир топ чыгымга учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. – Sputnik. Донецкидеги машина курган "Кант" заводу украиналык аскерлердин аткылоосунан улам олуттуу чыгымга учурады. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиа тобунун ошол жерге барган журналисти билдирген.
Дүйшөмбү күнү Донецк аймагы 2015-жылдан бери үстөккө-босток аткылоого кабылган. Украина тарап аймактын дээрлик бардык райондоруна ок жаадырып жатканы, көбүрөөк Пролетарский, Куйбышев, Петров жана Киев райондору жабыркаганы айтылды.
Заводдун начальниги "Россия сегодня" медиа тобунун журналистине аткылоодон кийин ишканада өрт чыккандыгын билдирди. Анын маалыматына караганда, ал жерде иштегендерге зыян келген эмес. Бирок заводдун чатыры толугу менен урап, станоктордун 80 пайызга жакыны иштегенге жараксыз болуп калды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Талкаланып, ээн калган "Азовсталь". Комбинаттын асмандан көрүнүшү