Инструктор кыймылдаткычы иштебей калган учакты кондурду. Видео

Социалдык тармактарга жеңил кыймылдаткычтуу учактын асманда бара жатып иштебей калган видеосу тарады.
Sputnik
Окуя Флоридада болгон. Видео аба техникасынын кабинасынан тартылган. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, ичинде инструктор жана анын шакирти бара жаткан. Экөөнүн кезектеги машыгууда жүргөнү айтылды. Инструктор авариялык кырдаал менен учакты кондурган. Жерге катуу түшкөнү менен видеодон алардын жаракат албай, аман-эсен калганын көрүүгө болот.