Медведев: Европада энергетикалык кризис күчөй берет

Батыш мамлекеттеринин россиялык энергетика ресурсунан баш тартуу ниети эле миллиондогон европалыкка зыянын тийгизүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Европадагы энергетикалык кризис барган сайын күчөй берет. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
Анын айтымында, оппоненттер Россиянын отун-энергетикалык комплексин аксатып, өлкөнүн Арктикадагы позициясын алсыратуу үчүн бардык аракетин көрөт.

“Анткен менен батыш мамлекеттеринин россиялык энергетика ресурсунан баш тартуу ниети миллиондогон европалыктын жашоосуна терс таасирин тийгизип жатат. Бүгүнкү күндө алар энергетикалык каатчылыкка тушугууда, кризистин масштабы барган сайын кеңейе берет. Мындай кырдаалдан антироссиялык агрессиянын башында турган АКШ өзү да жабыркады”, — деди Медведев.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор Пушков: Батыш санкциялардан кыйналып жатканын мойнуна алуудан коркот