Радио

Иманкулов: диндер боюнча предметти теологдор менен тарыхчылар окутат

Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов жаңы киргизилип жаткан диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча маалымат берди.
Sputnik
Аталган предмет президенттин жарлыгына ылайык 2022-2023-окуу жылында орто мектептерге киргизилет. Бул тууралуу Муратбек Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сабакты тарыхчылар жана теологдор окутат.
"Диндердин өнүгүү тарыхы предмети буга чейин 9-класстарга ылайыкталып жаткан. Президенттин жарлыгынан соң 7-8-9-класстардын окуучуларына киргизүү мерчемделүүдө. 9-класстардын китептери даяр, ага дагы кошумча-алымча жасоо менен басып чыгара берсек болот. Ал эми 7-8-класстарга учурда даярдалып жатат. Адабияттар Мамлекеттик дин комиссиясы менен иштелип чыгууда. Аталган предметти теологдор жана тарыхчылар окутат. Өлкө боюнча теологиялык билимге ээ 1000ден ашуун адис бар экен. Алардын 300дөйү мектепте иштөөгө каалоосун билдирди. Булар стандартка ылайык 72 саат кайра даярдоо курсунан педагогикалык окутуудан өтүшөт. Ал эми тарыхчылар, тескерисинче, диний билимин арттырышат. Ошентип сабактар башталат. Предмет менчигине карабай өлкөдө жайгашкан бардык мектептерге жумасына бир ирет кирет. Сабакта анимизм, фетишизм диндеринен тарта бүгүнкү исламга чейинки тарыхы окутулат", — деди Иманкулов.
Ал келечекте бакалаврды окуган теологдорго магистратурасын педагогикалык багытта улантуу талабы коюларын кошумчалады.