Чолпон-Атага алты өлкөнүн парламенттик делегациясы келет

Спикер бүгүн эл аралык иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму 23-24-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму 23-24-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт

2 / 2

Бүгүн ЖКнын төрагасы Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен барды. Ал эл аралык иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышкан.

Бүгүн ЖКнын төрагасы Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен барды. Ал эл аралык иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышкан.
Бул боюнча атайын жыйын өтүп, министрликтердин, тиешелүү мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү протоколдук тапшырманын негизинде жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришкен.
ТүркПА кеңешинин жыйынына уюмга мүчө Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия өлкөлөрүнүн парламенттеринин делегациялары катышат. Отурумда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзамдардын долбоорлору кабыл алынат.
Муну менен катар ТүркПАнын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилип, иш-чаралардын планы каралат.
Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келе турганы айтылды