Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ баш катчысынын расмий өкүлү Донецкидеги төрөт үйүн аткылоону сындады

Дүйшөмбү күнү Украина тараптан атылган снаряд төрөт үйүнүн чатырына түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Донецкидеги төрөт үйүн аткылоо тынчсызданууну жаратат, инфраструктурага жасалган мындай чабуул эл аралык укуктарды бузууда. Бул туурасында БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"ЖМКлар аркылуу Донецкидеги төрөт үйү тууралуу маалымат алдык. Бул бизди аябай тынчсыздандырат. Жарандык инфраструктураларга, өзгөчө медициналык мекемелерге жасалган бардык чабуул ачыктан ачык эле эл аралык нормаларды бузуу болуп саналат", — деди Дюжаррик.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү РИА Новостинин кабарчысы Донецкиде Украина тараптан атылган снаряд төрөт үйүнүн чатырына түшкөнүн билдирген. Ичиндеги аялдар жана балдар жер төлөгө эвакуацияланып, ыкчам аракеттердин натыйжасында эч ким жабыркаган эмес.
Анын алдында Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин өлкөнүн борбор калаасын аткылоо күчөп жатканына байланыштуу Москвадан кошумча союздаштык күч сураган. Анын айтымында, украиналык аскерлер согуштун тыюу салынган ыкмаларын колдонуп Донцекинин борбордук райондорун да аткылап жатат.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскерий операция жүргүзүүдө. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россия армиясы биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарды. Мунун аркасы менен Украинанын аскердик потенциалы бир топ кыскарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын аскердик күчтөрү Донецкини аткылап жатышат, курман болгондор бар