БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы "Бишкек жашыл чарба" ишканасына убактылуу жумушчу персонал керек болуп жатканын айтып, шарт-талабын атады.
"18 жаштан 50 жашка чейинки эмгекчил, иштермандарды ордо калааны жашылдандырууга чакырабыз. Жумуш саат 8:00дө башталып 16:00дө бүтөт. Айлык акы иштеген жумушуна жараша төлөнөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 37 53 32, 0 500 700 441 телефон номерлерине чалууга болот.