ЖМК: АКШнын эки банкы Россиянын мамлекеттик карызы боюнча операцияны токтотту

Россия банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина карыздарды төлөөгө өлкөнүн ресурсу жетиштүү экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Дүйнөдөгү ири банктардын бири деп эсептелген америкалык JPMorgan Chase жана Goldman Sachs Россиянын карызын тейлөө операцияларын токтотту. Бул тууралуу РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып кабарлады.
"АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) жаңы жетекчилигине жана Goldman Sachs банкынын Россия менен ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу фирма мындан ары россиялык юридикалык жактарга карата айрым операцияларды жүргүзбөйт", — деп айтылат маалыматта.
Агенттик билдиргендей, мындай чечим АКШнын Финансы министрлигинин көрсөтмөсү менен кабыл алынган. Ишенимдүү булактар билдиргендей, июнь айында ушул эле уюмдар Россиянын карызы боюнча операция жүргүзүп эле жаткан.
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги санкциялар шартында Россияга тышкы карызды тейлөөгө уруксат берген башкы лицензияны узартуудан баш тарткан. Өз кезегинде Россия тарап АКШ бийлигинин мындай чечими чет элдик инвесторлордун укугун тебелеп Батыштын финансылык инфраструктурасына болгон ишенимди кетирип жатканын айткан. Москва өз милдетин аткарууну уланта бермекчи. Россия банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина карыздарды төлөөгө өлкөнүн ресурсу жетиштүү экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор Пушков: Батыш санкциялардан кыйналып жатканын мойнуна алуудан коркот