"Жыргалаң" курорту жабылышы мүмкүнбү? Көлмөгө саркынды суу куюлган

Бүгүн соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканы боюнча видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөдөн текшерүү жүргүзүү үчүн суунун үлгүсү алынды. Анализдин жыйынтыгына жараша курорттун мындан аркы иш алып барар-барбасы чечилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Буга чейин Нурмухаммед Асанакун аттуу жаран соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканын айтып, видео жарыялаган.
"Видео интернетке жарыяланган күнү эле Экологиялык мониторинг департаментинин адистери жерине барып химиялык анализ үчүн суунун үлгүсүн алып кетишкен. Анын жыйынтыгы чыкса жарыяланат жана укук коргоо органдары менен биргеликте "Жыргалаң" курортунун иши боюнча чечим чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик буга чейин алынган үлгүдөн концентраттар тийиштүү көлөмдөн жогору чыкканын белгиледи.
БУУ Кыргызстанга экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берет