Жыл аягына чейин Кыргызстанда баа канчага көтөрүлөт? Улуттук банктын божомолу

Улуттук банктын максаты — керектөө бааларынын өсүшүн белгилүү бир деңгээлде кармап туруу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Азат Козубеков жылдын аягына чейин Кыргызстанда кандай инфляция күтүлүп жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.
Ал Улуттук банк адатта керектөө бааларынын жылдык өсүшүн 5-7 пайыз деңгээлинде кармап турууга аракет кылаарын билдирди.
"Үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата Кыргызстанда инфляция 7,3 пайызды түздү. Бул биздин аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Мисалы, Россияда 11 пайыздан, Казакстанда сегиз пайыздан ашык. Бизде орточо жылдык инфляцияны 13-14 пайыздын деңгээлинде болот деп күтүлүүдө. Башкача айтканда, жылдын аягына чейин баалар болжолдуу дал ушунча пайызга көтөрүлөт. Буга дүйнөдөгү экономикалык абал себеп болууда", — деди Козубеков.
Ал Улуттук банктын максаты — керектөө бааларынын өсүшүн белгилүү бир деңгээлде кармап туруу экенин белгиледи.
Козубековдун айтымында, акыркы 20 жылдын статистикасын ала турган болсок, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен инфляция эң жай өскөн өлкө болду.
Улуттук банк ири көлөмдө доллар сатып алды