Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кризистен өздөрү тажады! Украинанын коргоо министри Европаны айыптоодо

Алексей Резниковдун айтымында, Германия менен Франция үчүн Украина ыңгайлуу жашоо жолундагы ири тоскоолдук болуп саналат. Андыктан жардам берүүгө шашылышпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Украинанын коргоо министри Алексей Резников Европаны курал-жарак менен камсыздоо боюнча көйгөй жаратып, жаңжалдан чарчады деп сындады. Бул тууралуу анын Economist басылмасына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Европа эмне болуп жатканын толук түшүнбөй жатат же түшүнөт, бирок кризистен чарчап, артка чегинүүдө", — деди ал.
Резников кошумчалагандай, мисалы, Германия менен Франция үчүн Украина ыңгайлуу жашоо жолундагы ири тоскоолдук болуп саналат. Андыктан ага жардам берүүгө шашылышпайт.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскерий операция жүргүзүүдө. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россия армиясы биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарды. Мунун аркасы менен Украинанын аскердик потенциалы бир топ кыскарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО: Киевге аймактык бүтүндүүлүктөн баш тартууга туура келиши ыктымал