Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын аскердик күчтөрү Донецкини аткылап жатышат, курман болгондор бар

Бүгүн эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкидеги Буденов районун аткылоого алган. Үч снаряд келип түшүп, үч адам мерт болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Донецк Украинанын аскердик күчтөрүнүн жаңыланган аткылоосуна кабылганын РИА Новости жазды.
ДЭРдеги Согуш отун токтотуу тартиби жана аны көзөмөлдөө боюнча биргелешкен борбордун билдиргенине караганда, украиналык аскерлер республика борборундагы Ворошилов, Киев жана Куйбышев райондорун бутага алышкан. Алар ар кыл куралдардан 86 ракета коё беришти деди.
Борбор аталган райондорго кайрадан ок жааганын кошумча билдирген. Украина тараптан БМ-27 "Урагандан" сегиз ракета жана калибри 155 миллиметр болгон 11 снаряд келип түшкөн. Беш мүнөт ичинде алардын Донецкини үч ирет аткылоого алганын, 18 снаряд шаардын түндүк-батыш жагына келип түшкөнүн айтышты.
Бүгүн эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкидеги Буденов районун аткылоого алган. Үч снаряд келип түшүп, үч адам мерт болгон. Андан сырткары 18 адам ар кыл жарадар болгон. Киров, Куйбышев жана Киев райондору бутага алынып, газ түтүгү өрттөнгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазардыкка алдырып... Украиналык артиллеристтердин Донбасстагы аракети