Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын коргоо министри: даярдыгы жок жаштарды өлүмгө жиберип жатабыз

Украинанын кагылышуулар талаасынан кайтып келген жоокерлери командачылардын башаламан буйруктарына жана ок-дарынын жетишсиздигине нааразы болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө жоготуулар көп болуп жаткандыктан, Киев аскердик кагылышууга атайын даярдыгы жок жаш жоокерлерди жөнөтүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун Economist басылмасына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Басылманын маалыматына караганда, кагылышуулар талаасынан кайтып келген жоокерлер командачылардын башаламан буйруктарына жана ок-дарынын жетишсиздигине нааразы болууда. Ал эми курман болгон жоокерлердин ордуна ыктыярчылардын арасынан даярдыгы, тажрыйбасы жок жаштар жөнөтүлүп, кийин алар каза болуп жатканы кошумчаланды.
"Анан эмне кылыш керек? Жаш балдар алдыңкы линияларга туруп калып каза болууда. Бул айласыздык", — деди Резников журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскерий операция жүргүзүүдө. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россия армиясы биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарды. Натыйжада Украинанын аскердик потенциалы бир топ кыскарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО: Киевге аймактык бүтүндүүлүктөн баш тартууга туура келиши ыктымал