Шейшембиге карата аба ырайы

14-июнга караган түнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө жана Теңир-Тоодо +27...+29 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +31...+33, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Үсөнбаев: маймыл чечегинин вирусу биринчи жолу 1958-жылы аныкталган