БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандар менен Telegram платформасы аркылуу консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында "Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин робот-консультанты" маалыматтык чат-ботун ишке киргизди. Бул тууралуу ТИМден кабарлады.
Элчиликтин виртуалдык жардамчысы жарандарга консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилде консультация алууга автоматтык түрдө мүмкүндүк берет.
Атап айтканда, төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:
Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;
Кыргызстандын паспортун берүү тартиби;
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу тартиби;
Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;
Консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка суроолор.
Ошол эле учурда элчилик консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-канал ачууда. Элчиликтин телеграм-каналына шилтеме менен жазылса болот.