АКШлык тарыхчы: НАТОну кеңейтпөө убадасын Билл Клинтон бузган

Адис америкалык аткаминерлер 35 жылдан бери Ак үйгө Россиянын коопсуздук боюнча кызыкчылыктарын көрмөксөнгө салуу өтө коркунучтуу экенин эскертип келишерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Россияга НАТОну чыгышка кеңейтпөө боюнча берген убадасын бузган. Бул тууралуу америкалык тарыхчы, философ жана тилчи Ноам Хомскийдин Massachusetts Peace Action агенттигине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ошол кездеги башчылар Жорж Буштун улуусу менен Михаил Горбачев Германия Түндүк атлантикалык альянсына кошулса, НАТО чыгышка "бир дюйм да" жылбайт деп макулдашкан.
"Жорж Буш бул убадасын аткарган. Анын мураскери Билл Клинтон да алгачкы жылдары келишимди бузбаганга аракет кылды. Бирок 1990-жылдардын ортосунан тарта тетири сүйлөй баштады. 1997-жылы Клинтон убадасын бузуп, Вишеград тобун (Польша, Чехия, Словакия, Венгрия) уюмга чакырды. Кийин Жорж Буштун кенжеси Украинаны альянска кирүүгө үндөп, бардык каалоочуларга эшик ачты", — деди Хомский.
Тарыхчы белгилегендей, ал учурда Билл Клинтон бул билдирүүлөр АКШдагы ички аудитория үчүн гана колдонулуп жатат деп Борис Ельцинди алдап койгон.
"АКШ лидери Борис Ельцинге "кабатыр болбоңуз, бул мага президенттик шайлоодо жеңүү үчүн гана керек" деп койгон", — деди тарыхчы.
Сөзүнүн соңунда ал америкалык аткаминерлер 35 жылдан бери Ак үйгө Россиянын коопсуздук боюнча кызыкчылыктарын көрмөксөнгө салуу өтө коркунучтуу экенин эскертип келишерин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык ЖМК: НАТО Украина жаңжалына аралашса Россияны жеңип чыгары күмөн