SIPRI: өзөктүк курал кооптуулугу кансыз согуштан берки жогорку чегине жетти

Эксперттердин божомолу боюнча, өзөктүк куралдардын запасы жакынкы он жылдыкта өсөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйнөдө өзөктүк куралды колдонуу кооптуулугу кансыз согуштан берки эң жогорку деңгээлине жетти. Бул тууралуу Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун (SIPRI) башчысы Дэн Смит билдиргенин РИА Новости жазды.
Уюмдун докладында АКШ, Россия, Франция, Улуу Британия, Кытай, Индия, Пакистан, Израиль жана Түндүк Корея өз арсеналдарын модернизациялоону улантып жатканы айтылат.
"Өзөктүк куралданууну көзөмөлдөө жана куралсыздандыруу маселеси боюнча олуттуу ийгиликтер бар экенине карабай, өзөктүк куралды колдонуу кооптуулугу кансыз согуш мезгилинен берки эң жогорку чегине жетти", — деди Смит.
Эксперттердин божомолу боюнча, өзөктүк куралдардын запасы жакынкы он жылдыкта өсөт. 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылга чейинки убакытта мындай куралдардын саны азайганы белгиленген. Эгер мындай тенденция сактала турган болсо, өзөктүк куралдардын саны кансыз согуш учурунан да көбөйүшү мүмкүн деп эсептелүүдө.
Түндүк Корея үч ракета учуруп, Токио нааразылыгын билдирди