Радио

Осмоналиев: ыгы жок которо бербей тилди сапаттуу байытуу керек

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев тил саясатын жүргүзүү боюнча жаңы мыйзам жазылып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерге үстөмдүк кылуунун кажети жок. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда тил боюнча аракеттеги эки мыйзам тажрыйба жүзүндө эскирип бара жатат.
"Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мамлекеттик тил мыйзамы конституциялык деңгээлге көтөрүлгөн. Бизде ошондой эле 2010-жылы жазылган расмий тил мыйзамы да бар. Тил комиссиясын академик Сыртбай Мусаев жетектеп турганда мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүү, толуктоолор киргизилип жазылып бүтүптүр. Бизде Баш мыйзамда расмий тил деген да бар, андыктан учурда эки тилди тең бирдей деңгээлде кароону сунуштап жатам. Бул эми азырынча сунуш гана. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерге үстөмдүк кылуунун кажети жок. Ошол эле Конституциябызда башка этностордун тилдеринин өнүгүп-өсүүсүнө шарт түзүү мамлекетке милдеттендирилген. Ал эми орус тили болсо бизде расмий тил макамында турат. Орус тилинин турмуш-шартта керектигин өзүбүз көрүп, түшүнүп жатабыз. Муну менен катар эле эне тилибизди өнүктүрө берсек болот, өнүгүп да жатат. Бирок анын сапаты кандай болуп жатканы башка маселе. Андыктан ыгы жок которуп, анан кайра өзүбүз түшүнбөй калып тилдин сапатын кетирбей, башка улуттар бузбай колдонгон сөздөрдү ошондой эле тилибизге киргизип алганыбыз туура. Тил мына ушинтип байыйт", — деди Осмоналиев.
Ал алыскы аймактардагы мектептерде орус тилин окутуунун сапатын жакшыртууну жергиликтүү тургундар өздөрү суранып келишерин кошумчалады.