Назарбаев Путин менен жолукту. Сүрөт

Тараптар Россия менен Казакстандын өнүгүшүнө көмөкчү болгон достук байланыштарды улантууга ишеним артышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен жолуккандыгын Елбасынын маалымат кызматы кабарлады.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен жолуккандыгын Елбасынын маалымат кызматы кабарлады
Назарбаев Путинди Россия күнү менен куттуктады. Алар кызматташуу тууралуу да сөз кылышкан. Андан сырткары, тараптар эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн мамилелердин 30 жылдыгы менен да бири-бирин куттукташкан.
"Казакстан менен Россиянын кызматташуусу эки тараптуу бир деңгээлдеги диалогдун негизинде өнүгүп жатканы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.
Алар Россия менен Казакстандын өнүгүшүнө көмөкчү болгон достук байланыштарды улантууга ишеним артышкан.
Назарбаев Путинди кантип таң калтырганын айтып берди. Маектин видеосу