БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Финляндиянын президенти Саули Ниинисте менен бирге өткөргөн брифинг учурунда Киев тынчтык орнотуу үчүн өлкө аймагынын бир бөлүгүн өткөрүп бериши керектигин мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украина тынчтыкка жетет. Бир гана суроо — бул тынчтык үчүн ал кандай курмандыкка бара алат? Мисалы, аймактык бүтүндүктөн, эгемендүүлүктөн, эркиндиктен баш тартууга туура келиши мүмкүн. Бул өтө оор моралдык дилемма", — деди ал.
Столтенбергдин айтымында, альянс Киев бийлигин колдоону улантат, бирок ошол эле учурда Россия менен кагылышууга жеткирбөө үчүн бардык аракетин жумшайт. Ошондуктан уюм Украинанын аймагына өз аскерлерин жөнөтүүдөн баш тартты.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө азыркы кризистен чарчап баратканын, ошол себептүү үчүнчү күчтөр Киевди өзү үчүн пайдасыз болсо дагы Москва менен келишим түзүүгө түртүп жатканын айткан.
Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага бардык талаптар айтылганын, бирок Киев сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын билдирген.