Үч мүнөттүк роликте Кыргызстандын эң кооз жерлери (15 локация) жана жылдын төрт мезгили тең көрсөтүлгөн. Ширин ата-энеси, билими, эмнеге кызыгаары туурасында айтып берген. Чүйдөн, Нарындан, Ысык-Көлдөн, Оштон, Алайдан, Бишкектен тартылган роликке жарым жылдай убакыт кеткен.
Сулуулар сынагы Польшада 24-июнда башталат. Аталган иш-чарага Кыргызстандан биринчи ирет катышып жаткандыгын айтышты. Үч жуманын ичинде 90 өлкөдөн келген айжаркын сулуулар Miss Supranational наамы үчүн ат салышмакчы. Жеңген сулуу 35 миң доллар алат.
Кыргызстандын намысын коргой турган кыз ким?
Ширин Алайчиева Бишкекте туулуп-өскөн. Мектепти аяктаган соң түштүк борборго көчүп барып, Ош мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда медициналык факультетте билим алууда.
2021-жылдын ноябрь айында "Кыргызстан сулуусу" сынагында вице-мисс титулун жеңип алган.
Тема боюнча: