Маймыл чечегинин вирусу биринчи жолу маймылдан 1958-жылы аныкталган. Ал эми 1970-жылдары адамдардын арасында бир-эки учур катталган. 2017-жылдары Кения (558 учур аныкталып, өлүм катталган), Танзания мамлекеттеринде аталган оору тарап жатканы боюнча маалымат берилген. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда маймыл чечегинин вирусунун табигый резервуары жок болгондуктан оорунун тарап кетүүсүнө шарт жок.
"Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги 27 өлкөдө (Улуу Британия, Европа, Австралия, Америка өлкөлөрүндө) 800гө жакын оорулуу катталганын билдирди. Азыркы учурда инфекциянын жугуу жөндөмү азыраак. Бирок вирус адамдардын арасында ыңгайлашып жашап кетүүгө аракеттенет. Азыр мамлекет аралык кыймыл көп болгондуктан оору бизге да келиши толук ыктымал. Учурда башка мамлекеттер аэропортто илдет табылган өлкөлөрдөн келген адамдарды термосканерден өткөрүп, оору аныкталган болсо 21 күнгө обсервацияга изоляциялап карап жатышат. Биз дагы бул иштерди жасап жатабыз. Учурда аэропорттордо ооруну аныктоо, чара көрүү жаатында чоң машыгуулар да жүрүүдө. Бир гана маймыл чечеги эмес башка да оорулардын өлкө аймагында жайылып кетишине каршы иш жүрүп жатат. Азыр ар бир чек ара өтмөктөрүндө атайын санитардык карантиндик кызматтар бар. Дүйнө жүзүндө чыгып жаткан ар кандай инфекциялар тууралуу маалымат ала турган системага кошулган. Маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, без чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийинки этапта бетте чечек пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маймыл чечегинин инфекциясы ооруган адам менен тыгыз байланышта болгондо, саламдашканда, кучакташканда жугат", — деди Үсөнбаев.
Ал Россия жардам иретинде иштеп чыккан маймыл чечегинин вирусун аныктаган ПЦР-тесттерин жөнөтөрүн кошумчалады.