Пресс-борбор

Быйыл Кыргызстанда эмне көбүрөөк айдап-себилди? Министрдин жообу

Буга чейин Жаныбеков Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дароо өзгөрбөй турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Айдап-себүү жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу олуттуу өзгөрүү болгон жок. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Журналист министрден быйылкы жазгы талаа иштеринде эмнеге басым жасалып, эмне көп себилгенин сураганда ал өтө чоң өзгөрүү деле болбогонун айткан.
"Биз май берчү өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтүүгө аракет кылдык. Айдап-себүү жаатында өтө чоң өзгөрүү деле болгон жок. Бул жылы дан азыктарына басым жасалды. Тагыраагы, ички рынокту керектүү көлөмдө буудай менен толтурууга аракет кылып жатабыз", — деди министр.
Буга чейин Жаныбеков Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа дароо өзгөрбөй турганын белгилеген.
Путин: ЕАЭБ азык-түлүк боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен жаба алат