Бийлик россиялык бизнесмендерге жеке менчик кол тийбестигине кепилдик берди

Жапаров өлкөгө капиталды алып келүүдө жана чыгарууда эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиялык бизнесмендер Кыргызстандын салык, банк жана валюта боюнча мыйзамдары менен таанышкандан кийин таң калып ыраазы болушат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанга россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы келди. Анын ишинин алкагында жыйын өтүп жатат.
Жапаров министрлер кабинетин гана жетектебестен президенттин администрация башчысы экенин дагы белгиледи.
"Сиздердин жеке менчикке болгон кол тийбестикке жана кирешени каалагандай чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерине президенттин атынан кепилдик берүүгө даярмын. Кыргызстандын салык, банк жана валюта боюнча мыйзамдары менен таанышкандан кийин таң калып ыраазы болоруңарды дагы бир ирет белгилей кетким келет", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы салыктар ЕАЭБ аймагында эң төмөн экенин айтып, капиталды алып келүүдө жана чыгарууда эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.
Радио
Баясов: Россиянын 80ден ашык субъектиси менен иштешип жатабыз