Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталышы мүмкүн

2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктаган. Окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына салым кошору айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын башталышын 1-сентябрга кайтаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Буга ата-энелерден жана мугалимдерден түшкөн арыздар себеп болгон. Алар эски график боюнча сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда акыркы коңгуроо кагылышын суранышкан. Мындан улам комиссия түзүлгөн.

"Эски график кайтарылып, келерки окуу жылы 1-сентябрда башталышы мүмкүн", — деди министрликтен.

Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктаган. Окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына салым кошору айтылган.
Классташтар, коштошуу бийи, кучак толо гүл... Ак жол сага, бүтүрүүчү!