БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен Кыргызстандан Өзбекстанга кеткен жер алдындагы туннель табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Аталган дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүп, үй ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны экени аныкталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында Рустам аттуу өзбекстандык таанышы менен Кыргызстандан Өзбекстанга элге керектүү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында жер алдына туннель казышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө М.И.М. жасаган кылмышын мойнуна алып, тергөө менен кызматташмай болду", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин ушул эле Кара-Суудан мыйзамсыз казылган эки туннель табылган болчу.