БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соода кылгандарга кассаны көзөмөлдөөчү машиналар (ККМ) жана эсеп-фактуралар боюнча абалды жөнгө салып, бир тартипке келтирүү боюнча биргелешип иштешүүнү сунуштады.
Бүгүн Ак үйдүн алдында кассаны көзөмөлдөөчү машиналар боюнча митинг өтүп жатат. Эсеп-фактураларды жокко чыгаруу, мурдагы сымал эле патент менен иштөөгө уруксат берүү талабы жаңырды. Ал жерге болжол менен 300дөй киши келген.
Жапаров митингчилерге чыгып, алардын ичинен "10 күн ичинде биргеликте иштей турган 10 адамды" шайлап жөнөтүүнү сунуштады.
"Патент боюнча мага 10 кишини шайлап бергиле, чогуу отуруп баасын бекители. Салык бутуна туруп калгандарга эле салынат. Эсеп-фактура болсо товар өндүргөн ишкерлерден гана талап кылынат. Айрымдар вагон менен арак жүктөп келет дагы түнү менен таратып туруп мен эч нерсе алып келген жокмун дейт. Эсеп-фактура менен ККМди арак, чылым, мунай, дары, алтын саткандардын баары сөзсүз колдонот. Тамак-аш саткандарды, кичинекей дүкөндөрдү бошотуп койгонго даярмын. Патент боюнча 10 киши менен иш алып барабыз, ага чейин ККМди дагы, эсеп-фактураны да токтото турабыз. Буга 10 күнгө мораторий жарыялап жатабыз. 10 күндүн ичинде патенттин суммасын карайбыз", — деди Жапаров.
Ал патент боюнча бир катар учурларга токтолду.
"Чупа-чупс саткандар чек бербей койсо айып пул салынат деген нерсе болбойт. Келгиле, патентти ылайыктуу болгон чекке чейин жеткирели. Ак үйгө жакын жайгашкан дүкөндөр кымбатыраак, ал эми жаңы конуштардагылар азыраак суммага алсын", — деп кошумчалады ал.
Бийлик былтыркы жылдан бери ККМди жаңы стандарттар менен милдеттүү түрдө киргизүү иштерин колго алган. Бул экономиканы көтөрүү иретинде жасалып жатат. Сатуучулар кардарга берилбей калган ар бир чек үчүн айыпка жыгыларын жана эсеп-фактураны кайра тапшырууда көп убакыт кетип калгандыгын айтып, нааразы болуп жатышат.