БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кассалык контролдук машина (ККМ) колдонууга каршы болгон ишкерлер президенттик администрациянын алдына митингге чыгышты.
Болжол менен 300гө чукул адам чогулган. Алар "ККМге каршыбыз!", "Патент калсын!", "Эсеп-фактура жоюлсун!" деген плакаттарды көтөрүп турушат.
Чогулган ишкерлердин алдына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып жолугушууда.