БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Салык кызматы өткөрүп жаткан "Чек талап кылып, байге утуп ал!" акциясынын алгачкы туру 1-июлда аяктап, лотерея ойнотулат.
Бул күнү кассалык чек чогултуп лотереяга ээ болгон жарандар түрдүү байгелерди утуп алышы мүмкүн.
Анда төмөнкүлөр ойнотулат:
Эки автоунаа;
10 даана iPhone 13;
10 даана Samsung смартфону;
Ысык-Көлгө 5 жолдомо;
Эки муздаткыч;
Эки телевизор;
Эки микротолкундуу меш;
Эки кир жуучу машина;
Эки чаң соргуч;
Салык кызматы мындан башка дагы байгелер кошулуп калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Экинчи тур 1-октябрда, үчүнчүсү 31-декабрда өтөт. Анда дагы ушул сыяктуу баалуу белектер бар. Үчүнчү утушта Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир ойнотулат.
Эске салсак, Салык кызматы май айында лотерея ойнотуларын жарыялаган. Бул акция ишкерлерге кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, аларды ар бир соода кылган же кызмат көрсөткөн сайын касса чегин сөзсүз берүүгө көндүрүү максатын көздөйт. Жарандар акчаны нак же карточка менен төлөгөнүнө карабай чек берүүнү талап кыла алат.
Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо керек:
"Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп жана каттоодон өтүү;
Соода кылган же кызматтарды пайдаланган сайын ККМден касса чегин талап кылуу;
Мобилдик тиркемеге кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү керек.
1000 сомго уникалдуу бир ID-билет (бул бир лотереяга барабар) аласыз. Лотерея чектөөсүз түрдө берилет, мисалы, бир адам 200 миң сомго чейинки чек чогултуп 200 билет алса да болот.