Радио

Надырбеков: бүтүрүүчүлөргө кесип тандоого жардам берген ири форум өтүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган "Туура кесип — келечек кепилдиги" аттуу форум өтүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кесиптик багыт берүү форуму Бишкекте башталып, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол шаарларында өткөрүлдү. Эми Нарын жана Талас облусунда окуучулар менен жолугушуулар болот. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумдун алкагында өз кесибинин мыкты адистери бүтүрүүчүлөр үчүн актуалдуу темалар боюнча презентация жасап, багытты туура тандоого жардам берүүчү факторлор, кесип рыногундагы акыркы тенденциялар тууралуу айтып беришти.
"Өлкөдө биринчи ирет 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган "Туура кесип — келечек кепилдиги" деген форум уюштурулууда. Өз тармагынын мыкты адистери окуучулар менен жолугуп, кесип рыногундагы акыркы тенденциялар тууралуу жана учурдун талаптарына шайкеш келген багыттар менен бөлүштү. Кесиптик багыт берүү форуму Бишкекте башталып, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол шаарларында өткөрүлдү. Эми Нарын жана Талас облусунда окуучулар менен жолугушуулар болот. Ар бир иш-чарага 800гө жакын бала катышып, кызыктырган суроолорун узатып, актуалдуу маселелерди талкуулашты. Статистикалык маалымат боюнча, өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көбү кесип тандоодо кыйналышат. Мамлекеттик жаштар саясаты биринчи кезекте жаштардын адамдык потенциалын жогорулатуу үчүн мүмкүндүк берүүгө багытталат. Андыктан окуучуларга туура багыт берүү аркылуу келечекти аныктай алабыз", — деди Надырбеков.
Ошондой эле адис келечектеги кесипти тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жооптуу кадам экенин белгилеп, мындай иш-чара үзгүлтүксүз улана тургандыгын кошумчалады.