Россия — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Өлкөгө инвестиция алып келүүдө үчүнчү орунда турат. Мындай пикирин Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиядан Кыргызстанга 147 миллион доллардан ашуун суммага инвестиция тартылган.
"Россиядан Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы инвестициялардын 14,6 пайызын түзөт. Бир эле өлкөдөн мынча көлөмдө инвестициянын келиши бул абдан чоң көрсөткүч. Соода-экономикалык багытта биз Россия Федерациясынын 80ден ашык субъектилери менен иштешип жатабыз. 40тан ашуун аталган багыттагы келишимдерибиз бар. Азыр мына ишкерлик багытында сүйлөшүү үчүн аталган форум уюштурулуп, Россиядан 40тан ашуун ар кайсы тармактагы ишкерлер келип отурат. Буга чейин биз соода жүгүртүү боюнча мындай жыйындарды уюштуруп келсек, андан ары жогорулай бизнес боюнча алака түзүүлөргө жол ачылууда. Мунун бары эки өлкө ортосундагы экономикалык багыттын тездик менен өнүгүп жатканынан кабар берет", — деди Баясов.
Ал үч күндүк форумдун негизинде дагы бир нече келишимдерге кол коюлары мерчемделип жатканын кошумчалады.