Бишкекте эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Калия Калеева изделүүдө

Өзгөчө белгилери: бою 173-175 сантиметр, чачы кара, кой көздүү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эки жылдан бери 22 жаштагы Калия Калеева дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, ал 2020-жылдын 19-сентябрында Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз болууда.
"Белгилей кетсек, Калеева энеси менен тил табыша албай буга чейин да үйүнөн качып кетип турган. Бир нече ирет табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген болчу. Учурда анын жүргөн жерин аныктоо үчүн активдүү иш жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө белгилери: бою 173-175 сантиметр, чачы кара, кой көздүү.
Көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрыла алат: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600,0 (705) 450-553, 0(553) 102-880 жана 102.
10 жылга чукул дайыны билинген эмес. Кыргызстандык аял Казакстандан табылган