Кулаган дарактан жабыркаган кыздын дарылануусун "Бишкек жашыл чарба" төлөйт

Буга чейин "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бак-дарактарды бутап, куурап калгандарын кыйган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте катуу шамалдан улам дарак кулап, анын кесепетинен кыз жабыркаган. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасы билдирди.
Бишкекте катуу шамалдан улам дарак кулап, анын кесепетинен кыз жабыркаган
Маалыматка караганда, окуя Абдрахманов менен Московский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Ишкананын жетекчилиги кыздын ата-энеси менен жолукту. Анын дарылануусуна кеткен акчаны "Бишкек жашыл чарба" төлөп берет. Ата-энеси доосу жок экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бак-дарактарды бутап, куурап калгандарын кыйган. Жолго токтоп турган машиналар көп болгондуктан ишкананын кызматкерлери атайын техника менен барып кооптуу бак-дарактардын бардыгын жок кылууга жетишпей калганы айтылган.
ӨКМ: Ысык-Көлдө катуу жаан жаап, сел жүрөт