БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу ал россиялык компаниялардын эл аралык бизнес миссиясы менен жолугушууда билдирди.
Жапаров Россия өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан ЕАЭБге киргенде Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөнүн эске салды. Ошондой эле бул сумма үч жылдын ичинде өздөштүрүлүп, фонддун иштөө мөөнөтүн сактап калуу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан дагы 500 миллион доллар алынганын кошумчалады.
"Бүгүн 100 россиялык компаниянын келиши алдыга коюлган милдеттер аткарылып, уставдык капиталдан калган акчалар өздөштүрүлүп, миллиард доллар деңгээлинде каржылоо булактары табыларына ишенимди жаратат. Бул үчүн мен 17-июнда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна Россиянын каржы институттары менен сүйлөшүү үчүн барам. Бул Кыргызстанга келип иштей турган компанияларды колдоо үчүн зарыл", — деди Жапаров.
Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан бизнес миссияны Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду Россиянын экспорттук борбору менен биргеликте уюштурду. Негизги максат — РФтин өндүрүүчүлөрү, инвесторлору жана экспортчулары менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосунда бизнес байланыштарды түзүү. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө.