The Guardian: Россия НАТОнун алсыз жактарын ачыктай баштады

Журналисттин айтымында, НАТО бир караганда ынтымактуу жана күчтүү көрүнгөнү менен реалдуулук бир аз башкача.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Украин кризиси Түндүк атлантикалык альянстын алсыз жактарын көрсөтүп койду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Макаланын авторунун айтымында, НАТО бир караганда ынтымактуу жана күчтүү көрүнгөнү менен реалдуулук бир аз башкача.
"Альянстын Европадагы маанилүү мүчөлөрү мурда көңүл бурбай келген уюмдун артына жашынып жатышат. Алар Киевдин алдында Москванын кыжырын келтире турган милдеттемелерден качууга аракет кылууда. Негизи эле мындай ири уюмда бардыгы бир пикирде болот деп айтуу кыйын", — деп жазылат макалада.
Ошондой эле басылма уюмдун башка өкүлдөрү Америка Кошмо Штаттарынан огеле көз каранды экенин белгиледи.
"Уюштуруу жана аскердик артыкчылык жагынан алганда НАТО бардык жерлерге канатын жайган. Биргелешкен командачылыктын Италияда, Голландияда жана АКШда штабдары бар. Бирок биримдиктин башкы генералы Бельгияда жайгашкан. Анткен менен курал-жарак системаларынын өз ара кызматташуусу жолго коюлган эмес. Украинадагы чыр-чатактар улана берсе, НАТОнун ушул сыяктуу кемчиликтери ачыкка чыга берет", — деди макаланын автору.
2021-жылдын аягында Россия АКШ менен НАТОго өзүнүн коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин долбоорлорун жөнөткөн. Анда Москва НАТОнун чыгышты карай андан ары кеңейүүсүнө, Украинанын блокко кошулуусуна жана постсоветтик өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотуусуна каршы экенин айткан. Бирок буга Вашингтон конструктивдүү жооп берген эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО: Киевге аймактык бүтүндүүлүктөн баш тартууга туура келиши ыктымал