ЖКККББнын кызматтык автоунаасы айланма жолдо кырсыктаган. Видео

ЖКККББнын кызматтык автоунаасы менен "Doewoo Tico" кагышкан. Кырсык болгондон кийинки видео социалдык тармакка тарап кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кечээ Ысык-Ата районундагы айланма жолдо ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык автоунаасы кырсыктаган. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлады.
Окуя болжол менен саат 20:30дарда болгон. ЖКККББга тиешелүү кызматтык "Mercedes-Benz W221" (мамлекеттик номери - MVD500 ) менен "Doewoo Tico" кагышкан. Жаракат алгандар такталып жатат.
Кырсык болгон жер тартылган видео социалдык тармактарга тарап кетти. Кадрда окуянын күбөлөрүнүн "милиционер рулда болгон", "ичип алыптыр", "салондо эки кыз бар экен" деп айтып жаткандарын угууга болот.
1 / 2

Кечээ Ысык-Ата районундагы айланма жолдо ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматтык автоунаасы кырсыктаган

2 / 2

Окуя болжол менен саат 20:30дарда болгон. ЖКККББга тиешелүү кызматтык "Mercedes-Benz W221" (мамлекеттик номери - MVD500 ) менен "Doewoo Tico" кагышкан. Жаракат алгандар такталып жатат

ЖКККББдан Tico батыштан чыгышты көздөй кетип баратып кызматтык автоунааны коё бербегендигин, жолдун сол жагына капыстан чыга калып кагышкандыгын айтты.

"Ага катуу келип тийгендиктен кызматтык автоунаа тоскоолдукту сүзүп кеткен. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Милициядан аталган факты боюнча кошумча да кызматтык иликтөө башталгандыгын, экспертиза дайындалганын кошумчалады.
Мурда дагы мас болуп кармалган. Милиция интернетте талкууланган айдоочу кыз тууралуу