Садыр Жапаров Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады

Жапаров Кыргызстан менен Россиянын достук жана ишенимдүү мамилелерин жогору баалай турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Жапаров орус элинин көп кылымдык тарыхы, бай жана маданий мурастары мамлекеттик түзүлүштүн бекемделишине жана Россиянын өнүгүшүнө негиз болорун белгилеген.
Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалай турганын билдирген.
Жапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады