Жүрөгүм бул жерде калды. Шевченконун жеңиштен кийинки сөзү. Видео

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды. Бул сапар беттеш Сингапурда өттү. Шевченкого коргоп калган чемпиондук куру тагылгандан кийин алып баруучу аны сөзгө тартты.
Sputnik
Анын видеосун UFC Russia өзүнүн You Tube каналына жүктөдү.
"Валентина, бул сапар сен үчүн титулду коргогон татаал таймаш болду. Октагондун борборуна чыкканда жеңиш үчүн жетишерлик аракет кылдым деген ишеним турдубу?" — деп сурады.
Кыргызстандык спортчу кыз Сингапур сапары кыйын болгонун жашырган жок.
"Оо, кудай, Сингапурга 30 саат учтук. Бул өтө кыйын болду... Ооба, ар бир беттештен кийин андан да жакшы кылып жасай турган нерселерди табасың. Бул мага тиешелүү нерсе. Ал – чыныгы чемпиондук ой жүгүртүү. Менде өзүмдүн беттештериме эч качан ичим чыкпаган нерсе болот. Бул сапар колумдан келгенин жасадым, жүрөгүмдү бул жерге, октагонго калтырдым (колу менен октагондун борборун көрсөттү – ред.). Андыктан дайыма айтып келгенимдей, эл-журтка, ММA, күйөрмандарга айтарым — жүрөгүм бул жерде калды", – деди Шевченко.
Ошентип, ал жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.
Бир күн калды! Валентина Шевченко менен Тайла Сантостун көз караштар таймашы