Күтүлбөгөн нокаут жана Шевченконун соккулары. UFC беттешиндеги ирмемдер

Бүгүн Сингапурда UFC 275 турнири өттү. Анда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңил салмак категориясында чемпиондук титулун жетинчи ирет коргоду.
Sputnik
Бразилиялык Тайла Сантостун кыргызстандык спортчуга каршы чыгышы кеченин башкы беттеши болду. Натыйжада Шевченко калыстардын чечими менен жеңишти камсыздады.
Турнирдин башкы беттешинде орто оор салмактагы UFC чемпиону Гловер Тейшейра Иржи Прохазка менен күч сынашты. Бешинчи раунддун акыркы мүнөтүндө Тейшейра атаандашынын муунтуу ыкмасынан кутула албай жеңилүүгө аргасыз болду.
Ал эми реваншка чыккан Вейли Чжан минималдуу салмактагы экс-чемпион Иоанна Енджейчикти жеңип алды.
Андан кийин Енджейчик UFC уюмундагы карьерасын жыйынтыктады.
По теме:
Жүрөгүм бул жерде калды. Шевченконун жеңиштен кийинки сөзү. Видео