Салык кызматы карызы барларга берилген мунапыс аяктап жатканын эскертти

Карыздарын реструктуризациялоо үчүн салык органына кайрылуу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Салык кызматы карыздардын туум, санкция жана айып пулдарын төлөөдөн бошотуу мөөнөтү аяктап баратканын эскертти.
Буга чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда мунапыс берүү мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, жеңилдетилген мөөнөт 2022-жылдын 1-июлунда бүтөт. Ага чейин салыктын негизги суммасын төлөсө, мурда топтолгон туум, айып пулдар толугу менен кечилет. Ал эми 31-декабрга чейин төлөгөндөргө 50 пайызы жоюлат.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн салык органына кайрылуу зарыл.
Кассалык чек талап кылып жатасызбы? Жакында лотерея ойнотулат